Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.
Маалыматка ылайык, мыйзам 2019-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.