Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Өзбекстандын аба майданын жаңылоого жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 566 | 0

Дүйнөлүк банк Өзбекстандын аэропортторун модернизациялоо долбооруна катышууга даяр. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Сирил Мюллер менен Өзбекстандын вице-премьер-министри, транспорт министри Ачилбай Раматов менен жолугушууда маалым болду.

Мюллер билдиргендей, Дүйнөлүк банк ар дайым Өзбекстанга каржылык көмөк көрсөтүп келет жана каражаттын көпчүлүк бөлүгү жол курууга берилген. Алдыда Дүйнөлүк банк Өзбекстандын аба майданынын инфраструктурасын модернизациялоо долбооруна катышууга даяр.

Сирил Мюллер Өзбекстанга 16-январда келген.

Copyright © 2017 Maral FM