Биз менен байланышыңыз

Президент миссиясы аяктаган ооган элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 390 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда, Ооганстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. 

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Мохаммад Иса Месбахтын кыргыз-ооган мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымына токтолуп, Ооганстан менен карым-катнашты тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин айтты.

Ооганстандын элчиси Кыргызстанда өтөгөн дипломатиялык миссиясынын учурунда ар дайым эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш-аракет кылганын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM