Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда, Ооганстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Мохаммад Иса Месбахтын кыргыз-ооган мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымына токтолуп, Ооганстан менен карым-катнашты тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин айтты.
Ооганстандын элчиси Кыргызстанда өтөгөн дипломатиялык миссиясынын учурунда ар дайым эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш-аракет кылганын баса белгиледи.