Биз менен байланышыңыз

Президент Зеленский өкмөт башчы Гончаруктун отставкасын кабыл алган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 519 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский премьер-министр Алекчей Гончаруктун кызматтан кетүү үчүн жазган арызын кабыл алган жок. Зеленский өкмөт башчыга дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берерин билдирди.

Кечээ, 17-январда Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызматтан кетүү үчүн арызын жазган болчу.

-Мен бул кызматка – президенттин программасын орундоо үчүн келгенмин. Ал мага ачык жана тактыгы менен үлгү болуп келди. Бирок президентке карата ишенбестик жана нааразычылыктардан арылтуу үчүн кызматтан кетүү арызын жазып, парламентке жөнөтүү үчүн президентке тапшырдым,— деп түшүндүргөн отставкага кетип жатканынын себебин.

Буга чейин украин лидеринин сайтында Гончаруктун тажрыйбасыздыгына байланыштуу, аны кызматтан кетирүүнү талап кылган электрондук петиция пайда болгон эле.

Алексей Гончарук өкмөт башчылыкка өткөн жылдын 29-августунда келген. Ага чейин президенттик аппарат башчысынын орун басары кызматын аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM