Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Билим берүү жана спорт тармагына салым коштум

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Янв 2020 | 799 | 0

Депутаттык учурда көп маселени чечкенге аракет кылдым. Бирок баары бүтпөйт экен. Негизгиси, өз шайлоочуларымдын орчундуу маселесин чече алдым. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов “Маралга” берген маегинде билдирди. Ал депутаттык мөөнөтүндө билим берүү, спорт тармагына өз салымын кошконун айтты.

-Депутаттык мөөнөт учурунда көп тажрыйба алдым. Чындыгында, сабырдуу болууну, ар бир маселеин кантип чечүүнү үйрөндүм. Сөздөн адашып калды дегендерди Мауглиде “Атилла жыгылып калды” деп жанында жүргөн шакалдардай (ред: -чөөлөр) эле кабыл алдым. Мен мас болуп же аянтка жылаңачтанып чыгып алсам уялсам болот эле. Ошол сөздү айтып жатканда эмоцияга алдырып, айта албай калдым. Алла Таалам уят сөздү айттырбай койгондур.

Депутат мындай учурларда спорттун жардамы менен сабырдуу болгонун, күн сайын 2 саатын машыгууга бөлөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM