Биз менен байланышыңыз

Украинанын премьер-министри отставкага тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 496 | 0

Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызматтан кетүү үчүн арыз жазды.

«Мен бул кызматка – президенттин программасын орундоо үчүн келгенмин. Ал мага ачык жана тактыгы менен үлгү болуп келди. Бирок президентке карата ишенбестик жана нааразычылыктардан арылтуу үчүн кызматтан кетүү арызын жазып, парламентке жөнөтүү үчүн президентке тапшырдым»,— деп жазды «Фейсбуктагы» баракчасында.

Президенттин аппарат кызматы Владимир Зеленский арызды кабыл алганын, жакында карай турганын билдирди.

Буга чейин, украин лидеринин сайтында Гончаруктун тажрыйбасыздыгына байланыштуу, аны кызматтан кетирүүнү талап кылган электрондук петиция пайда болгон эле.

Алексей Гончарук өкмөт башчылыкка өткөн жылдын 29-августунда келген. Ага чейин президенттик аппарат башчысынын орун басары кызматын аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM