Биз менен байланышыңыз

Кытайдын калкынын саны 1 млрд 400 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 1147 | 0

Гонконг, Макао жана Тайвань аралдарын кошпогондо, Кытайдын калкы 2019-жылдын соңунда 4 миллион 67 миңге көбөйүп, жалпы саны 1 миллиард 400 миллион 50 миң кишиге жетти. Бул тууралуу Кытайдын улуттук статистика борбору маалымдады.

2019-жылы Кытайда 14 млн 65 миң төрөлүү катталса, 7 млн 14 миң адам өлгөн. Ага ылайык, өлүүгө караганда төрөлүүнүн саны 2 эсе көп болгон.

Кытайда 715, 27 млн эркек, 684,78 млн аял бар.

Акыркы жылдары Кытай калкынын ишке жарамдуу катмарынын саны азайып, карыгандардын саны кескин көбөйдү. 2018-жылы аталган өлкөдө 60 жаштан ашкандар жалпы калктын 18 пайызын түзгөн.

Мындай көрсөткүч коомдук жана экономикалык абалга терс таасирин тийгизерин эскерткен уюмдар буга каршы чараларды көрүүгө чакырган. Кытай өкмөтү мунун алдын алуу үчүн 2015-жылы «бир гана балага уруксат» саясатын алып салды. Ошондой эле 2029-жылга 1 миллиард 440 миллион болууну көздөөдө. Бул сан рекорддук чек болот.

Copyright © 2017 Maral FM