Биз менен байланышыңыз

Баткенде чек ара боюнча координациялык кеңешме өттү

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 450 | 0

Бүгүн Баткен шаарында чек ара маселелери боюнча координациялык кеңешме өттү. Кеңешке төрагалык кылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселени чечүү туруктуу көзөмөлдө экенин белгиледи. Разаков чек арадагы эки элдин чыры, өзгөчө адам өлүмүнө алып келген учурлар сүйлөшүү процессин татаалдантып жатканын айтты.

Кыргыз тарап буга чейин жетишилген келишимдерди карманууда жана чек ара маселелерин тез чечүү максаты бар. Ошол эле учурда адам өлүмүнө алып келген, жергиликтүү элдин тынчсыздануусун жана кооптонуусун жаратып, чек ара тилкелеринде болгон окуялар сүйлөшүү процессин татаалдатууда, — деди Жеңиш Разаков..

Күч түзүмдөрү жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте чек ара кызматташтыгын жана коопсуздукту бекемдөө боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууну камсыз кылуусу керектигин Разаков белгиледи.

Ал ошондой эле кандайдыр бир чагымчылдыкка жана чыр-чатактарга жол бербөө, аны алдын алуу максатында чектеш айылдардагы жергиликтүү элдин арасында натыйжалуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Вице-премьер билдиргендей, тажик тарап менен жолугушуунун жыйынтыгында кол коюлган протоколго ылайык Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы айрым жер тилкелерин бирдей жер тилкелерине алмашуу боюнча макулдашылган сунуштар иштелип жатат. Мындан тышкары бир катар унаа жолдорунда биргелешип күзөтүү жүргүзүлүүдө, ошондой эле бир нече жолдордо жол чырактар, байкоо камералары орнотулмакчы.

Кеңешменин жүрүшүндө башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жергиликтүү бийлик органдарына өз сунуштарын беришти. Ошондой эле Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси жөнүндө баяндама жасады.

Координациялык кеңештин соңунда күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди

Copyright © 2017 Maral FM