Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев менен Лавров жолукту

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 559 | 0

Бүгүн, 16-январда Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушту.

Маалыматка ылайык, Сергей Лавров Өзбекстанга расмий визит менен барган. Ал өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен да жолугушту. Лавров, учурда Мирзиёевдин февраль айына белгиленген Орусияга сапары боюнча даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.

Лавров белгилегендей, Өзбекстан – Орусия министринин Азия өлкөлөрү боюнча болгон турнесинин акыркысы. Ал буга чейин Шри-Ланка жана Индияда болду.

Copyright © 2017 Maral FM