Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Тажикстан менен чек араны чечүүдө айрым тилкелерди алмашууну сунуштап жатат

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 368 | 0

Өлкөнүн топографиялык жумушчу тобу кечээ эле кыргыз-тажик вице-премьер-министрлеринин жолугушууларында кол коюлган протоколдун пункттарынын бирин аткарууга киришти. Бул кабарды Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Топографиялык жумушчу топко 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргызстандын Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Топографиялык жумушчу топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өтөт. Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына тиешелүү материалдар иштелип чыгууда.

Copyright © 2017 Maral FM