Биз менен байланышыңыз

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин соту уланды

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 560 | 0

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда. Жараянда күбөлөр көрсөтмө берип жатышат.

Күбө катары суралган айым 2018-жылы Нурбакыт аттуу таанышы телефон чалып, мүлкүн анын ысымына убактылуу каттатып турууну суранганын билдирген.

Мен бирок ал эмне мүлк экендигин билбейм. Менимче, Токтогул көчөсүндөгү эч ким жашабаган имарат (бөлмө) го. Колума эч кандай документ алган жокмун жана аларды каттатуу учурунда эч нерсеге акча төлөгөн эмесмин. Ал бөлмө канча турарын да билбейм. Эмне себептен менин атыма каттатып жаткандыгын да сурабадым. Таанышым текшерүү жүрө тургандыгын айтты, мен анын чоо-жайын сураган жокмун, — деп билдирди күбө.

Эскерте кетсек, өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM