Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: «Бүтүн Кыргызстан» 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышат

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 3184 | 2

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу партиянын негиздөөчүсү Адахан Мадумаров бүгүн маалымат каражаттарына билдирди.

Ал партия съезд өткөрүп, Жогорку Кеңешке шайлоого баруучу талапкерлердин тизмеси түзүлөрүн айткан. Форумдун өтө турган күнү шайлоо күнү расмий белгиленгенден кийин дайын болот.

Партиялык тизменин сап башында Адахан Мадумаров өзү турат.

Эске сала кетсек, шайлоо күнү өлкө башчысы тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күндөн эрте эмес, 90 календарлык күн калганга чейин дайындалат

Эске салсак, 54 аймактык шайлоо комиссияларында жана 2 миң 400 участкалык шайлоо комиссияларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 560,4 миллион сом коротулат.

2 пикир

2 пикир

  1. Азиза

    18.01.2020 00:02

    Мен созсуз колдойм жана шайлайм

  2. Асан Шанаев

    23.07.2020 13:21

    Бутун Кыргыстан партиясы буйрус утуп чыгыт колдоп койолу Кыргыз элим

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM