Биз менен байланышыңыз

Баткенде митинг: Чагымчылдык кылды делген балдарды бошоткула! (видео)

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 2003 | 0

Бүгүн Баткендин Көк-Таш айылында «тажик-кыргыз чырында чагымчылдык жасады» деп шектелип кармалган кыргыз жарандарын бошотууну талап кылган митинг өттү. Бул тууралуу нааразычылык акциясынын катышуучусу Жунус Масыдыков видео аркылуу “Маралга” билдирди. Анын айтымында, кармалган көк-таштыктар чагымчылдык уюштурган эмес. Алар болгону күтүүсүздөн курал менен ок аткан тажиктерден коргонуу аракетин жасашкан.

Биздин айылдаштар эч кандай чагымчылдык жасаган эмес. Алар болгону тажиктерден коргонушкан. Аларды биздин күч органдары камап коюшту. Ошондуктан, биз ал төрт баланы бошотууну талап кылабыз.

Биз азыр алардын каякта экенин билбейбиз. Биз чек арабызды, мекенибизди коргойбуз. Биздин эң башкы максатыбыз  — чек ара маселеси чечилиши керек. Бизге тынч, коопсуз жашоо керек. Биздин үнүбүз өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго жетип, бул көйгөйдү чечип берет деп үмүт кылабыз, — деди Жунус Масыдыков.

Маалыматка ылайык, митинг 9-10- январда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырда күч органдары тарабынан кармалган 4 жаранды тез арада бошотуу талабы менен уюштурулган.


Вице-премьер Жеңиш Разаков Баткенге кетти


Көк-Таш айылында 10-январга караган түнү чыр чыккан. Тажик тарап кыргыз жарандарынын унааларын талкалап, кийинчерээк ок чыгарган. Буга байланыштуу айылдагы аял жана балдар, жалпысынан 254 адам Көк-Таш орто мектепке жайгаштырылган. Бүгүнкү күндө алар кайра үйлөрүнө кайрылып барды.

Чыр-чатакты жөнгө салууну талкуулоо максатында 14-январда өлкөнүн делегациясынын жолугушуусу өтөт.

Эске сала кетели, бүгүн 11-январда ушундай эле талап менен Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына жакын жерде «Чек ара» коомдук бирикмеси тарабынан митинг өттү.

Copyright © 2017 Maral FM