Биз менен байланышыңыз

Вице-премьер Жеңиш Разаков Баткенге кетти

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 1639 | 1

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Көк-Таш айылынын тургундарынын чек арадагы чырда кармалганына байланыштуу Баткенге жөнөп кетти. Бул тууралуу Разаков өзү “Маралга” билдирди. Вице-премьер бардык маселе мыйзам чегинде караларын айтты.

Баткенге сапар алып, жолдо баратам. Кармалган балдардын маселесин карайбыз. Бардык жагдай мыйзам чегинде болот. Мүмкүн болушунча жардам бергенге аракет кылабыз, — деди вице-премьер.

Ал арада бүгүн Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары «тажик-кыргыз чырында чагымчылдык жасады» деп шектелип кармалган кыргыз жарандарын бошотууну талап кылып, облустук бийликтин имаратынын алдында митинг өткөрүштү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алар менен телефон аркылуу байланышка чыгып, кармалгандар боюнча маселени жеринде териштирүү үчүн Баткенге барарын билдиргенин акциянын катышуучулары айтышты.

Copyright © 2017 Maral FM