Биз менен байланышыңыз

Баткен: Авариялык абалда турган мектепте 143 окуучу билим алууда (сүрөт)

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 638 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Көтөрмө (Чандеки) айылында жайгашкан Халмурат Жаныбеков атындагы орто мектеп 1996-жылы ашар жолу менен курулган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №199 аныктама корутунду актысынын негизинде авариялык абалда деп табылган. Учурда мектептин абалы кооптуу болгондугуна карабай, окутуу иштери кооптуу жайда жүрүп келет. Аталган мектепте 143 окуучу, 18 мугалим, 8 техникалык кызматкер эмгектенет.

Айыл тургундары, жаштар тарабынан эски имараттын ордуна заманбап типтүү имаратты курууга көмөк көрсөтүү суралып, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Билим берүү жана илим министрлигине, Өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине каттар жолдонуп жыйынтык чыкпай кеген.

Халмурат Жаныбеков мектеби орун алган Көтөрмө айылы район борборунан алыс, шарты татаал, кышы катаал, кар көп жааган, деңиз деңгээлинен 1800-2000 метр бийиктиктеги аймакта жайгашкан. Айылда маданият үйү, бала бакча, спорттук зал сыяктуу бир дагы социалдык объект жок. Ушундай шарттарды жана жылдан-жылга өсүп жаткан жаш өспүрүмдөрдүн санын эске алып, Х. Жаныбеков атындагы орто мектебин 150 орундуу, спорттук залы жана жыйындар залы менен заман талабына ылайык кылып, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү үчүн мектеп имаратын жаңыдан курууга жардамдашууңуздарды суранам», -деп аталган орто мектептин бүтүрүүчүсү Өмүрбек Азимбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасында коомчулукка кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM