Биз менен байланышыңыз

Баткен: Коомдук саясий абал боюнча кеңешме өттү

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 403 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов коопсуздук жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Кеңешмеде чек аралаш аймактагы чыр-чатакка себеп болгон көйгөйлөрдү жоюунун үстүндө иш алып баруу милдеттендирилди. Тагыраагы, буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын жетишилген макулдашуусуна ылайык, кол коюлган протоколдогу, жергиликтүү бийликке белгиленген тапшырмаларды аткаруу тапшырмасын койду.

Ошондой эле, кылмыштуулукту, коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү тапшырылды.

Жыйынга район шаар башчылары, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Эске салсак, Алишер Абдрахманов аталган кызматка ушул жылдын 18-февралында дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM