Биз менен байланышыңыз

Баткен: Жеке ишкер тез жардам унаасын белекке берди

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 389 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жергиликтүү жеке ишкер 15 миң доллар турган тез жардам унаасын белекке берди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мындан сырткары, жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды сатып алууга 100 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 116 кишиге жетти. Алардын ичинен 5 адам айыкты.

 

Copyright © 2017 Maral FM