Биз менен байланышыңыз

Бишкекке футбол борборун курууга I этапта $3,5 млн доллар бөлүнөт

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 633 | 0

Бишкектин четинде курула турган футбол борборунун биринчи этабына 3,5 миллион доллар бөлүнөт. Мындай маалыматты өлкөнүн Футбол федерациясынан билдиришти.

Учурда тийиштүү документтер даярдалып жатат. Акча качан которулуп, курулуш иштери кайсы мезгилде башталары айтыла элек.

«Грант бекитилген. Бул маанилүү. Тиешелүү документтер даяр болгондон кийин гана курулуш иштери башталат», — деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азия футбол конфедерациясы (AFC) жалпы жонунан грант катары Кыргызстанга 8-10 миллион доллар бөлөт.

Copyright © 2017 Maral FM