Биз менен байланышыңыз

Маматов ФИФАнын Кыргызстанга шектенип жатканынын себебин айтты

Кыска кабар , Спорт | 24 Фев 2020 | 1430 | 0

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Кыргызстан — Мьянма курамаларынын беттешин (7:0) «алдын ала сүйлөшүлгөн» деп шектегени боюнча кыргыз тарапка тийиштүү далил айта элек.

Бул тууралуу “Маралга” Кыргызстандын футболдук союзунун (КФС) (мурдагы Кыргызстандын футбол федерациясы) президенти Канатбек Маматов билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк футбол уюму Кыргызстан – Мьянма беттешин кайсы фактынын негизинде «алдын ала сүйлөшүлгөн» деп жатканы азырынча табышмак бойдон.

Бизге бул азырынча табышмак. ФИФАнын расмий өкүлдөрү Мьянмага барып тийиштүү тараптар, футболчулар менен сүйлөшүптүр. Биздин команда ал оюнда мыкты ойногон. Биз тарапта эч кандай маселе жок экенин ишеничтүү айтам. Мьянма биздин курамага 7:0 эсебинде утулгандан кийин тайпадагы Тажикстан, Монголия курамаларын утуп алды. Балким ушул жыйынтыктан улам ФИФАда шектенүү болуп жаткандыр, — деди Канатбек Маматов.

Ал эми Мьянманын Футбол федерациясынын башкы катчысы Ко Ко Тейн «AFP» басылмасына берген маегинде, ФИФА текшерүү жүргүзгөнүн, бирок азырынча анын жыйынтыгын ала электигин айткан. Ошондой эле, Мьянма мындай окуяларга жол бербей турганын белгилеген.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 10-октябрында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2022-дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун тайпалык этабында Кыргызстан менен Мьянманын курамалары беттешкен. Анда улуттук курамабыз атаандашын 7:0 эсебинде уткан.

Copyright © 2017 Maral FM