Биз менен байланышыңыз

FIFA бөлгөн 1.5 млн доллар кайда сарпталды?

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2021 | 1900 | 0

Эл аралык футбол ассоциациясы бөлгөн 1.5 млн доллардын эсебинен кыргыз футболу өткөн жылдын август айында кайра жанданды. Каражаттын 500 миң доллары кыз-келиндер футболун өнүктүрүүгө, калганы футбол клубдарын колдоого жана ички чемпионаттарды өткөрүүгө жумшалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун коммуникация бөлүмүнүн адиси Адилет Керимбек уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ички беттештер өткөрүлүп, «Дордой» командасы чемпион болду. Мындан сырткары Кыргызстан кубогу өткөрүлүп, «Алай» командасы чемпион болду. Аталган эки команда Азия футбол конфедерациясынын (AFC) кубогуна жолдомо алышты.

Айта кетсек, Кыргыз футбол союзу Эл аралык футбол ассоциациясы (FIFA) жана Азия футбол конфедерациясына мүчө. Аталган уюмдар өзүнө мүчө болгон коомдук бирикмелерге колдоо көрсөтүп келет.

Маселен, FIFA токтоп калган мелдештерди улантуу үчүн 200дөн ашык өлкөгө 1.5 млн доллардан бөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM