Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын футбол боюнча 3 беттеши Японияда өтөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2021 | 1724 | 0

Июнь айында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын 3 беттеши борборлоштурулган форматта Японияда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун коммуникация бөлүмүнүн адиси Адилет Керимбек уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «F» тайпасындагы оюндар Японияда өтөрү Азия футбол конфедерациясынын (AFC) жыйынында чечилген.

Кыргызстан 6 эл аралык беттешти кабыл алууга даяр эмес. Анткени стадиондун жоктугу жана башка жагдайлар себеп.

«Өткөн жылы пандемиядан улам мелдештер август айына чейин токтоп калды. Жарым жылга чукул убакытта спортчулар эмне кыларын билбей калышты. Баары үй шартында машыгууга аргасыз болду. Буюрса, футболчулардын физикалык деңээли жакшы деп айта алам», — дейт Керимбек уулу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM