Биз менен байланышыңыз

«Футболду өнүктүрүүгө кадамды мамлекет өзү жасашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2021 | 1593 | 0

Футболду өнүктүрүүгө кадамды мамлекет өзү жасашы керек. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун коммуникация бөлүмүнүн адиси Адилет Керимбек уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, футболдун келечеги кең. Андыктан мамлекет колго алуусу зарыл.

«Быйыл Кыргызстанда биринчи футбол беттеши өткөнүнө 100 жыл болду. 1921-жылы Кыргызстан менен Казакстандын командалары жолдоштук беттешин өткөрүшкөн. Футболдук базалар боюнча жакшы жаңылыктарды үмүттөнүп жатабыз. Жакын арада чечилип калат», — дейт адис.

Кыргызстандык калыстар чет мамлекеттерге мелдештерге барып, тажрыйба арттырып турат. Аларга жыл сайын Түркияда окуу-машыгуулар уюштурулат. Калыстарга колдоо көрсөтүүгө басым жасалат. Анткени аларсыз футбол болбойт.

«Кыргызстанда ондон ашык калыс Эл аралык футбол ассоциациясынын (FIFA) калысы деңгээлине ээ. Алар эл аралык беттештерде мыкты экенин далилдей алса, Азия кубогуна жана дүйнөлүк чемпионатка чакырылат деген ишеним бар», — дейт Керимбек уулу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM