Биз менен байланышыңыз

2022-жылы AFC кыргыз футболуна инвестиция салат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2021 | 1700 | 0

2022-жылдан тарта Азия футбол конфедерациясы (AFC) каржылык колдоолорду улантат. Тагыраагы, AFC кыргыз футболуна инвестиция салат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун коммуникация бөлүмүнүн адиси Адилет Керимбек уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз футболу үчүн сырткы инвестициянын мааниси абдан зор. Буга чейин пандемиядан улам мелдештер орун албагандыгына байланыштуу AFC тарабынан каржылык колдоо токтоп калган болчу.

Кыргыз футбол союзу Эл аралык футбол ассоциациясына (FIFA) жана Азия футбол конфедерациясына мүчө. Аталган уюмдар өзүнө мүчө болгон коомдук бирикмелерге колдоо көрсөтүп келет. Маселен, FIFA токтоп калган мелдештерди улантуу үчүн 200дөн ашык өлкөгө 1.5 млн доллардан бөлгөн.

Учурда Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов Азия футбол конфедерациясынын аткаруучу комитетинде жыйынга катышууда. Анда конфедерацияга мүчө болгон өлкөлөрдүн футбол ассоциация, федерацияларында болуп жаткан маселелер талкууланат.

«Кечээки жыйынга FIFAнын президенти Жанни Инфантино өзү катышты. Анда Азиядагы футбол кандай жүрүүдө, дагы кандай маселелер каралышы керектиги талкууланып, чечилет. Алсак, 2021-жылы Азияда боло турган чемпиондор лигасы жана 2022-жылкы дүйнө чемпиондугун тандоо оюндары борборлоштурулуп өткөрүлөт деген чечимге келишти», — дейт Керимбек уулу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM