Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпиондугуна жана Азия Кубогуна тандап алуу оюндары жылдырылды

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 580 | 0

23-31-марттагы жана 1-9-июнга пландалган 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугу жана 2023-жылкы Азия Кубогуна тандап алуу оюндары дүйнө жүзүндөгү коронавирустан улам  белгисиз күндөргө жылдырылды. Мындай чечимди ФИФА жана Азия Футбол Кубогу улуттук федерациялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин чыгарган. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.

Мындан улам, Кыргызстан улуттук курама командасынын ушул убакыттарда өткөрө турган оюндары башка күндөргө жылдырылды. Ошондой эле 26-мартка пландалган Вьетнам менен боло турган жолдоштук беттеш өткөрүлбөйт.

Улуттук курама команданын 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугу жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандап алуу этабындагы жылдырылган оюндар:

— Мьянма – Кыргызстан;
— Кыргызстан – Монголия;
— Япония – Кыргызстан.

Copyright © 2017 Maral FM