Биз менен байланышыңыз

Гүлжигит Алыкулов Борбор Азиядагы мыкты жаш футболчулардын тизмесине кирди

Кыска кабар , Спорт | 20 Мар 2020 | 1075 | 0

Азия футбол конфедерациясы (АФК) Борбор Азиядагы келечектен көптү үмүттөндүргөн мыкты жаш футболчулардын тизмесин жарыялады. Тизмеге Кыргызстандын улуттук курамасынын жана Казакстандын “Кайрат” клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов менен Кыргызстан жаштар курамасынын жарым коргоочусу, Түркиянын “Галатасарай” жаштар командасынын капитаны Бекназ Алмазбеков кирди.

Тизмеде ошондой эле, Тажикстан, Өзбекстандан экиден футболчу, ал эми Ирандан бир өкүл бар.

Гүлжигит Алыкулов 2019-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу болууга жетишкен. Ал учурда Беларуссиянын “Неман” клубунан казакстандык “Кайрат” командасына өткөн.

Бекназ Алмазбеков жаштардын Азия чемпионатында Ливан жана Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) курамаларына гол киргизгени менен таанылган.

Copyright © 2017 Maral FM