Биз менен байланышыңыз

Бүгүн АФК кубогунун алкагында “Худжанд” – “Нефтчи” беттешет

Кыска кабар , Спорт | 26 Фев 2020 | 629 | 0

Бүгүн, 26-февралда Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) Азия футбол конфедерациясынын кубогунун алкагында “Худжанд” менен “Нефтчи” командасы беттешет. Биринчи оюнда Кочкор-Атанын командасы 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Аталган этаптын жеңүүчүсү АФК Кубогунун тайпалык раундуна өтөт.

“Нефтчинин” башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров журналисттердин суроолоруна жооп берип:

Биз биринчи оюнда артыкчылыкка ээ болдук, бирок бул биз ошол жыйынтыкты коргоо үчүн келдик дегенди түшүндүрбөйт. Талашсыз, атаандаш чабуулга өтүшү керек, биз буга даярбыз. Биздин артыкчылыгыбыз минималдык эле, андыктан, биз дагы гол киргизүүнү ойлойбуз. Мүмкүнчүлүктөрдү издейбиз. Команда даяр, биз кийинки баскычка чыгууну каалайбыз, — деди Закиров.

Беттештин башталышы Бишкек убактысы боюнча 17:00дө.

Copyright © 2017 Maral FM