Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Азия футбол конфедерациясынын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 533 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда Азия Футбол Конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Азия аймагында футболду өнүктүрүүгө багытталган АФКнын ишмердигин жана реформаларын канааттануу менен белгилеп, Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында облустарда, шаарларда жана район борборлорунда спорт залдар жана жаңы спорт аянтчалары курулуп жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда, Бишкек шаарында футболду кесипкөй деңгээлге чыгаруу үчүн жаңы стадионду куруу пландарын айтып берди.

АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф  футболду колдоосу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн кыргыз тарапка ыраазылык билдирди. Ал Кыргызстандын футбол Федерациясы менен биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, ата мекендик футболду мындан ары өнүктүрүү демилгелерине жана Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM