Биз менен байланышыңыз

ФИФАнын футбол боюнча рейтинги: Кыргызстан 96-орунда

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 932 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) рейтингинде 96-орунда. ФИФАнын жаңыланган рейтинги бүгүн, 28-ноябрда чыкты. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, улуттук кураманын ноябрь айында 2022-дүйнө чемпионатына жана 2023-Азия Кубогу мелдешине тандоо турунда 2 беттеш жана бир достук беттешин өткөргөн. 9-ноябрда Кыргызстан Өзбекстанга 1:3 эсебинде утулса, 14-ноябрда Япония курамасына 0:2 эсебинде жеңилишкен. Ошондой эле, Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

ФИФАнын 24-октябрдагы рейтингинин жыйынтыгы менен салыштырмалуу Кыргызстан 2 баскычка төмөндөгөн.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия футбол конфедерациясынын рейтинги боюнча 14-орунда турат.

Футбол боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы үчтүк өзгөрбөстөн калды. Алар Бельгия, Франция, Бразилия.

Copyright © 2017 Maral FM