Биз менен байланышыңыз

Футбол: ФИФА Кыргызстандын эки оюнчусун кийинки беттештерден четтетти

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 964 | 0

ФИФАнын Дисциплинардык комитети кечээ, 7-июнь Монголия — Кыргызстан футболдук беттешинен кийин Улуттук кураманын оюнчулары Тамирлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулун Мьянма менен боло турган оюндан четтетти. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, Монголия жана 2019-жылы орун алган Тажикстан менен болгон беттеште эки оюнчу тең эскертүү кагазын алган.

Андан сырткары оюнчулар Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков, Эржан Токотаев, машыктыруучу штаб жана администрация «вирус жугузуу күмөнү бар» деген «шек» менен «сары тизмеге» киргени үчүн кийинки беттештерге чыкпай калышы мүмкүндүгү айтылууда.

Бирок, айтылып жаткан оюнчулардын биринен да оорунун терс белгилери байкалган эмес. Жагдай боюнча оюн өткөрүп жаткан тарап да түшүндүрмө берген жок.

Өз учурунда Кыргызстан футболдук союзунун жетекчилиги уюштуруу комитетине, Япониядагы Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө кат менен кайрылды. Азырынча алардан так жооп келе элек.

Copyright © 2017 Maral FM