Биз менен байланышыңыз

АФК четтеткен футболчулар Премьер-лигадан да чыгарылды

Кыска кабар , Спорт | 2 Авг 2019 | 513 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын Премьер-лигасы (КПЛ) Азия футбол конфедерациясынын Кубогундагы оюндарда махинацияга барган деп айыпалган 3 футболчуну катарынан четтетти.

Бул тууралуу КПЛдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин “Дордойдун” жана улуттук кураманын мурдагы коргоочусу Курсанбек Шератов АФКнын тартип жана этика кодексин бузган деп табылып, өмүрүнүн акырына чейин четтетти. ББул чечимге ылайык алар футболго байланышкан бардык иш чараларга катыша алышпайт.

Шератов 2017-жылы “Дордойдун” АФК Кубогундагы оюндарды манипуляциялоо максатында болгон жашыруун сүйлөшүүлөргө тийиштиги бар деп айыпталууда. Ал ошондой эле, бул оюнга байланышкан букмекерлик ишмердүүлүктү да колдоого алган деп табылган.

Ильяз Алимов, Абдуазиз Махкамов жана Владимир Веревкин да “Алай” клубунун 2017 – 2018-жылдардагы АФК Кубогундагы оюндарында алдамчылык жасады деп айыпталууда.

Курсанбек Шератов бул сезондо “Дордой” клубунун катарында баштаган. Бирок АФКнын иликтөөсү боюнча маалыматтар чыккандан соң команда аны катарынан чыгарган.

Ильяз Алимов Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” клубуна өтсө, Махкамов Оштун “Алай” клубунда ойночу. Ал эми Владимир Веревкин футболдук карьерасын жыйынтыктаган болчу”, — деп айтылат КПЛдин билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM