Биз менен байланышыңыз

Ош мэриясы тарабынан уюштурулган кичи футбол боюнча мелдеш башталды

Кыска кабар , Спорт | 8 Дек 2019 | 465 | 0

Бүгүн, 8-декабрда Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган журналисттер арасында мини футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдешке телеканалдардан, сайттардан, блогерлерден куралган жалпы 8 команда катышууда.

Мелдешти ФИФАнын эл аралык калысы Дмитрий Машенцев жана улуттук даражадагы калыс Жахангир Сраждинов тейлеп жатат.

Аталган иш-чара 8-декабрь Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM