Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын мэри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды

Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 482 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Касымбай Жолдошев жана Жапар Хакимовдун үйлөрүнө барып кабар алды. Бул тууралуу аталган мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ардагерлерден кабар алган шаар башчысы ар бир ардагерге акчалай жардам жана 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык белектерин тапшырды.

Касымбай Жолдошев аксакал 95, Жапар Хакимов 97 жашта. Ошондой эле кала башчысы Ош шаарында Улуу жеңиштин 75 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, согуштун ардагерлерине жана ооруктун каармандарына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Мындан сырткары, шаардын вице-мэрлери, муниципалдык мекемелердин жетекчилери да согуштун ардагерлерин жана ооруктун каармандарын куттуктап, жардам көрсөтүштү.

Айта кетсек, учурда Ош шаарында жалпысынан 6 согуштун ардагери, 16 ооруктун каарманы жашайт.

Copyright © 2017 Maral FM