Биз менен байланышыңыз

Ош: стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алат

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 833 | 0

Бүгүн, 7-июлдан тарта Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы “Каныкей” ресторанына ачылган медициналык стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алат. Стационарга түзүлгөн шарт тууралуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кабар алып, стационарда жеңил жана орто абалдагы оорулууларга токтоосуз жардам берилиши керектигин билдирди.

Жеке ишкер Жалил Атамбаев ресторандын экинчи кабатында да орун даярдала турганын, стационарда иштеген медицина кызматкерлеринин кызмат акысын өзү төлөй турганын айтты.

Шаар мэри ар кандай кырдаалга даяр болуу керектигин, бейтаптарга ыңгайлуу болуш үчүн шаардын эки четине стационар уюштурганын кошумчалады.

Медицина кызматкерлери Ош шаарында эпидемиологиялык абал оорлой баштаганын кабарлашууда. Шаарда жалпы COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар 900гө жакындады. Бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча жалпы 600 орун даяр болду.

Copyright © 2017 Maral FM