Connect with us

Оштун мэри жаш ойлоп табуучуларды сыйлады

Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 809 | 0

Бүгүн, 1-июнь − Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов беш жаш ойлоп табуучуларды кабыл алып, куттуктады. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Шаар башчысы робототехника жаатында чемпион болгон ойлоп табуучулардын жасаган эмгектери келечекте илимдин өнүгүшүнө зор салым кошо тургандыгын белгиледи. Ар бирине уюлдук телефон, китеп жана интеллектуалдык атайын белектерди берди.

Мындан тышкары жаш ойлоп табуучулардын ар бирине робот-чаң соргуч белекке берүү боюнча тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Оштун робот жасаган жаш жеткинчектери үстүбүздөгү жылдын февраль айында ойлоп табуучулардын жана робот жасоочулардын республикалык олимпиадасына катышып, 20 команданын ичинен “Супер чемпион” наамын жеңип келишкен. Алар “Робоскай-Ош” окуу борборунда билим алышат.

Copyright © 2017 Maral FM