Биз менен байланышыңыз

Ошто 7 тармактын иштөөсүнө уруксат берилди (тизме)

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 1679 | 0

Бүгүнкү күндөн тартып Ош шаарында 7 чөйрөдөгү кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында өзгөчө абал режими алынган жок. Бирок этап-этабы менен айрым ишканалар иштей баштады. Алар:

  • Өнөр жай ишканалары;
  • Курулуш тармагы;
  • Транспорт каражаттарын оңдоо жана тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү;
  • Жеке нотариустар;
  • Соода-сатык тармактары;
  • Чач-тарач, сулуулук салондору;
  • Уюшулган такси кызматтары.

Сарыбашов маалымдагандай, ал эми жеке таксисттер шаардык мэрияга кат менен кайрылса, аларга да уруксат берилет.

Эске салсак, белгиленген бардык чөйрө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып барышат.

Copyright © 2017 Maral FM