Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер менен сүйлөштү

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 634 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов коронавирус илдетин жуктуруп алган дарыгерлер менен байланышып, абалдарын сурады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Шаар мэри дарыгерлерге ден соолук каалап, балдардын жугуштуу ооруулар ооруканасындагы кырдаалды атайын комиссия иликтеп жатканын билдирди.

Шаар башчысы илдетти жуктуруп алгандарды карап жаткан дарыгерлердин өкүлү менен да сүйлөшүп, көйгөйлөрүн укту.

Мэр тийиштүү жардамдар өз убагында көрсөтүлөрүн айтып, ыраазычылык билдирди.

10-апрелге карата Кыргызстанда 39 дарыгер коронавирусун жуктурган. Алардын ичинен 21и Ош облусунда катталган.
• Бишкекте – 8 ;
• Чүй — 1;
• Жалал-Абад облусунда – 8;
• Баткен облусунда – 1.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39 жаран айыгып, 5 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM