Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри 30 дарыгердин үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткирди

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 454 | 0

Ош шаарынын мэриясы коронавирус илдетин жугузуп алган оорулууларды карап жаткан 30 дарыгердин үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткирди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен үйүнө барбай изоляторлордо иштеп жаткан дарыгерлердин үй-бүлөсүнө 1 каптан ун жана азык-түлүк берилди.

Мэр буга чейин коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер менен сүйлөшкөн болчу.

10-апрелге карата Кыргызстанда 39 дарыгер коронавирусун жуктурган. Алардын ичинен 21и Ош облусунда катталган.
• Бишкекте – 8 ;
• Чүй — 1;
• Жалал-Абад облусунда – 8;
• Баткен облусунда – 1.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39 жаран айыгып, 5 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM