Биз менен байланышыңыз

Спорт комплекси: Федерация менен мэрия мунасага келген жок

Спорт | 30 Дек 2019 | 855 | 0

Футбол борборун курууга Бишкектен жер табылбай жаткандыгы көптөн бери коомчулуктун назарында турат. Бир нече ирет шаардык кеңештин депутаттары бул маселени талкуулашкан. Бирок көйгөй чечиле тургандай эмес. Мэрия жер бөлүүгө мараторий киргизилгендигин айтып актанса, футбол федерациясы жер алууга эмес, футболчулардын машыгуусу үчүн тиешелүү деңгээлде шарт түзүүгө кызыктар экенин белгилейт. 

Футбол федерациясы сунуштаган спорт комплексин куруу үчүн жердин бөлүнүүсү чоң маселеге айланды. Футбол борборуна жер бөлүү созулуп жаткандыгы тууралуу  ар кыл өңүттөгү маалыматтар социалдык тармактарда тарап, күйөрмандар митингге чыкмай болушкан.

Бирок Кыргызстандын Футбол федерациясы ар түрдүү провакациялардын алдын алуу максатында күйөрмандарды акцияга чыкпоого чакырып, маселенин чоо-жайын түшүндүрүү боюнча федерациянын кеңсесине чакырды.

Кыргызстандын Футбол Федерациясынын вице президенти Дастанбек Конокбаев өлкө боюнча футболдук стадиондорду кыдырып, анализдеп чыкканын жана алардын 90 пайызынын абалы тиешелүү талаптарга жооп бербей тургандыгын айтты. Буга кошумча социалдык тармактардагы “мурда каякта элеңер” деген сыяктуу суроолорго жооп катары, федерация бул суроону 2015-жылдан бери көтөрүп келгенин белгиледи:

-Биз бул суроону 2015-жылы эле көтөргөнбүз. Анда Өкмөт, мэриянын жетекчилиги да башка болчу. Вице мэр Айгүл Маратбековна жеке менчикке өткөрүп бере албай турганын айтып, өкмөткө берип, андан ары маселени чечсе болорун айткан. Бирок Өкмөт алмашып, бул суроо унутта калып калды. 2017-2018-жылдары маселени кайрадан көтөргөнбүз. Биздин максат “Алга” футболдук клубуна жана улуттук кураманын даярдануусу үчүн борбор куруу болгон. Биз мэрияга талап койу үчүн эмес, жардам берүү максатында келгенбиз. Биз “сиздер командаңар үчүн аянт кура албасаңар, куруп берүүгө даярбыз”  деп инвсетор катары келдик. Биздин футболчулардын ийгиликтерин көргөн эл аралык уюмдар бизге жардам берүүгө даяр экенин айтышууда. Бирок биз долбоорду сунуштай албай келебиз. Себеби футбол борборунун кайда курулары так болбой жатат. Биз бул жерди биротоло алууга кызыктар эмеспиз. Борбор куралы, балансы мэриянын карамагында кала берсин. Болгону борбор курулган соң, аны бирге колдонолу. Бишкектин “Алга” клубунун үйү болсун, улуттук курама ушул жерде даярдансын.

Конокбаев буга кошумча Ош шаарында футбол академиясын курууда маселе кыска убакта чечилгенин белгилеп, Чүй, Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү бийлик жетекчилери, күйөрмандар, жеке жарандар өздөрүнө тиешелүү жерлерди федерацияга берүүгө даяр экендигин билдирип жаткандыгын айтты.

Ал арада Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирүү жасап, футбол борбору үчүн жер бөлүп берүү маселеси 14-январда караларын маалымдады. Жер алуу боюнча ар бир жаран аукционго катышууга укугу бар экенин кошумчалап, футбол борборуна жер берүү маселеси да мыйзам чегинде чечилерин белгиледи:

-Футбол борбору, чындыгында, шаарыбызга керек деп эсептейм. Бул суроону биз карап жатабыз. Бирок маселе, албетте, мыйзам чегинде каралыш керек. 2018-жылы Бишкек шаарынан жер тилкесин бөлүп берүүгө мараторий киргизилген. Тыюу салынган. Мен кызматка келгенден бери жеке тараптарга бир да жер тилкесин берген эмеспиз. Федерация жобо боюнча, жеке түзүм болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө бул жер тилкеси берилчү болсо, мыйзам бузуу болуп эсептелет. Экинчиден, айтылып жаткан 10 миллион 31-декабрга чейин жер бөлүнбөсө грант катары берилбей кала тургандыгын тастыктаган документ жок. 

Ал арада Кыргызстандын Футбол Федерациясы менен Сокулук районунун айылдык кеңешинин жетекчилигинин ортосундагы сүйлөшүүнүн жыйынтыганда Орок айылынан футбол борборуна жер бөлүп берүү макулдашылганы тууралуу маалымат белгилүү болду. Бөлүнгөн жер шаардын түштүк-батыш аймагында, “Арча-Бешик” жаңы конушунан кийинки  А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан.

Футбол Федерациясынын вице президенти Дастанбек Конокбаевдин шаар бийлиги каалабаса, сүйлөшүүлөр Чүй облусу менен жанданып, жер маселесин чечүү тездетилерин маалымдады:

-Бишкек шаары каалабаса, өздөрүнүн эрки. Биз эми Чүй облусу менен сүйлөшүүлөрдү жанданттык. Буга чейин эле сүйлөшүүлөр жүргөн. Бирок Чүй облусуна футбол борбору гана курулат. “Алга” командасы үчүн стадион куруу маселеси Бишкек шаардык мэриясынын мойнунда кала берет.

Футбол борбору Кыргызстандын футболчуларына, улуттук кураманын оюнчуларына канчалык зарыл экени боюнча, кураманын чабуулчусу Мирлан Мурзавге кайрылдык. Ал борбор менен бирге, заманбап шарттары түзүлгөн стадион да көптөн бери убадаланып, бирок сөз бойдон калып жатканын белгиледи. Буга кошумча, кошуна өлкөлөрдө футболчуларга түзүлгөн шарттарга токтоло кетти:

-Негизи, футбол аянтчасы, борборун куруу көптөн бери эле убадаланып келет. Сөз болуп жаткан борбор улуттук курамага, айрыкча, өсүп келе жаткан жаштарга керек. Ал эми стадион болсо, күйөрмандар үчүн да маанилүү. Бизде заманбап, тиешелүү талаптарга жооп берген футбол аянты жок. Абал ушул бойдон кала берсе, биз оюндарыбызды айла жок башка өлкөлөрдөн өткөрүп калышыбыз мүмкүн. Биздин кошуналарды эле алсак, бул багытта кыйла алдыга кеткен. Тажикстан жаңы стадион куруп баштады. Андан сырткары, эки чоң талапка жооп берген стадиону бар.

Ал эми Кыргызстандын кичи футбол ассоциациясынын негиздөөчүсү Медет Букуев Өкмөт курабыз деген стадион менен футбол борбору эки башка экенин белгиледи. Анын белгилешинче, футбол борборунун жаш муунга, жаңы футболчулардын такшалуусуна таасири чоң болот:

-Жаңы өсүп келаткан жаштарды тарбиялоодо, футбол борборунун болушунун мааниси зор. Ал — бүгүнкү күндүн талабы. Биз бул багытта көп мамлекеттерден артта калдык. Сөз болуп жаткан грант боюнча мэрия «убактысы жылып кетерине документи жок» деген сыяктуу ар кыл сөздөрдү айтып жатат . Бул — уят. Мэрдин колунан келбесе, Өкмөткө, президентке чейин жетүүгө аракет кылып, 10 эмес 1 миллион болсо да грантты алууга жан талашыш керек. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында Футбол боюнча улуттук курама Азия Кубогунун финалдык баскычына тарыхта алгачкы ирет чыгып, күйөрмандардын алкышына татыган. Бул жетишкендиктерден соң, футболчуларга тиешелүү деңгээлде шарт түзүлөрү убадаланган.

Copyright © 2017 Maral FM