Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды чечүүнү тапшырды

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 556 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн жагдайга байланыштуу мамлекеттик органдарга аталган чек ара тилкесиндеги кырдаалды чечүү үчүн Казакстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, казак тараптын Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизүүсү Евразиялык экономикалык бирликтин нормаларына каршы келет.

Белгилей кетсек, Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга товарларды ташууда тараптар кыргыз-казак өкмөттөр аралык 8-кеңешинде жүк ташуучулардын кызыкчылыгында Казакстандын аймагы боюнча товарларды тоскоолдуксуз ташуу үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү жолу менен жүктөрдү текшерүүнү камсыздоо механизмин иштеп чыгууга макулдашышкан. Бирок товарларды көзөмөлдөөнүн бул эки тараптуу чаралары тараптар аны колдонуу механизмдерин так сактаган мезгилде гана мааниге ээ.

Казак тараптын бир тараптуу кабыл алган чечиминен улам Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек автожол» өткөрүү пунктунун жанында оор жүк ташуучу автомобилдер топтолуп калууда.

Бул жагдайга байланыштуу Кыргыз Өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, Казакстанды интеграциялык бирликтин алкагында товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттемелерди аткарууга чакырат.

Өкмөт пайда болгон суроолор боюнча ыкчам түрдө ачык жана конструктивдүү макулдашууну колдойт.

Copyright © 2017 Maral FM