Connect with us

Караколдо жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 730 | 0
Автор: Кундуз Сырдыбаева

Каракол шаарында жарандык жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

4-январда болжол менен саат 16.20 чамасында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жибергени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү жүргүзгөн учурда, Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургуну Б.С.нын жарандык жолдошу, Ак-Суу районунун Маман айылынын 35 жаштагы тургуну Ч.Н. пикир келишпестиктен улам, бетине бензин чачып, күйгүзүп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткени белгилүү болгон. Келин алган жаракатынан улам, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, ал эми келиндин денесинен алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү Ч.Н. милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камака алынды.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM