Google котормочунун «Мен кыргызмын — Кытай» катасы оңдолду. Акыркы бир жума аралыгында социалдык тармактарда Google котормочунун «Мен кыргызмын — Кытай» катасы кызуу талкууланып, көпчүлүк нааразычылыгын билдирип келген болчу.
Аталган катаны кантип оңдоо керектиги тууралуу «Биздин мурас» коомдук фондусунун жетекчиси Чоробек Сааданбек өзүнүн «Фейсбук» баракчасына түшүндүрмө берген эле.