Биз менен байланышыңыз

Сааданбек: Бийлик санариптештирүүнү бизнеске бериши керек

Күн чекит | 22 Апр 2019 | 390 | 1

Ош шаарында өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» аттуу 1-телекоммуникациялык форум өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус, район жетекчилери, бизнес өкүлдөрү катышты. Жыйында санариптештирүү боюнча аймактарды алдыӊкы орунга алып чыгуу максаты айтылды. Ошондой эле облус жетекчилеринин аракети чабал болуп жатканы сындалды. Президент өлкөнү санариптештирүү артыкчылыктуу багыт катары кала берерин айтты. Ошентсе да санариптештирүү ишинен жыйынтык чыкпай жатканын сындагандар четтен чыгат. «Биздин мурас» коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек «Күн чекит» программасында ой бөлүштү.

Марал: Cанариптештирүү аракети эмне себептен алгылыктуу болбой жатат?

Чоробек Сааданбек: Санариптештирүү — мода сөзүнө айланып калгандай таасир калтырып жатат. Себеби акыркы үч жылдан бери аябай көңүл бурулуп жатканы айтылып эле келүүдө, бирок иш жүзүндө көзгө көрүнөрлүк жыйынтыкты көрбөй жатабыз. Мисалы, биз санариптештирүү жөнүндө сөз жүзүндө көп айтабыз, ал эми Казакстан эч кандай урааны жок эле жыйынтык чыгарып коюп жатат.

Биринчиден, санариптештирүү иши биздин өкмөттүн, президенттин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары болгону абдан жакшы деп эсептейм. Бирок ошол эле учурда, «Мамлекет баштаган инновациялардан кам санабасаңыз болот, анткени, ал баары бир ишке ашпайт», — деген сөз айтылып жүрөт. Анын сыңарындай, менимче, санариптештирүүнү мамлекет өзү башында туруп ишке ашырам дегени туура эмес. Ал бизнес коомчулугунун жардамы менен чогуу жасалса болмок. Бизнес коомчулугунун ишке ашыруусуна  мамлекет шарт гана түзүп берсе деген ойдомун. Негизи бардык маселелерде биздин иштөө стилибиз ушундай болуп жатат.

Мисалы, Германиянын санариптештирүү тажрыйбасын карасак, алардын өкмөтү бизнесмендерге: «Санариптешүү процессинде сиздерге эмне керек болсо ошону түзүп берели, финансылык жактан каржылап берели», — деп жатат. Инновацияны ушундай жол менен жүргүзүү керек.

Марал: Биздин бийлик ушундай кадамга барбагандыгына эмне себеп бар деп ойлойсуз?

Чоробек Сааданбек: Советтер Союзунан бери келе жаткан менталитет буга жол бербей жатат окшойт. Чоң маселелерди өкмөт гана чече алат деген маанай, пикир абдан бекем калыптанган. Ошондуктан ири программаларды ишке ашырууну мамлекет өзү дайыма менчиктеп, монополдоштуруп алат, башкалардын салым кошуусуна мүмкүнчүлүк бербейт. Биз мамлекет катары өнүгөбүз десек, жарандык коомду, бизнес чөйрөсүн өлкө үчүн маанилүү иштерге көбүрөөк аралаштырышыбыз керек. Башкача айтканда, мамлекет коом менен экономиканы ээрчип, анын иштешине шарт гана түзүп бериши зарыл.

Марал: Ушул күнгө чейин санариптешүүнүн кайсы бир кадамдарын байкай алдыңызбы?

Чоробек Сааданбек: Өкмөт «Түндүк» системасы ишке киргенин, мамлекеттик кызматтар автоматташтырылганын айтат. Бирок ошол эле учурда, Каржы министрлиги жергиликтүү башкаруу органдарына өздөрүнүн бюджеттерин көрүү мүмкүнчүлүгүн жаап салды деп жатат. Башкача айтканда, президенттин оозунан уксаң санариптештирүү ишке ашып, сонун жасалып жаткандай, ал эми күнүмдүк жашоодо ал сезилген жок.

Эң эле жөнөкөй мисал, санариптештирүү үчүн өтө керектүү нерсе бул — жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы. Интернет ар бир үйгө, алыскы кокту-колотко чейин жетиши керек. Ага өтө деле көп акчанын кереги жок. Болгону жогорку ылдамдыктагы оптикалык була менен жеткен интернет киргизсе, жок дегенде бир кадамы жасалганы байкалмак.

Марал: Санариптештирүү боюнча иштин көзүн билген адистер жок болуп жатабы, же көйгөй эмнеде?

Чоробек Сааданбек: Өлкөнү санариптештирүү боюнча президенттин алдында эксперттик кенеш түзүлгөн. Анын курамына Дастан Догоев, Талант Абдуллаев, Азиз Абакиров сыяктуу мыкты жигиттер кирген. Алар — иштин көзүн билген адистер. Негизи бул демилгени көтөрүп, сүрөп келе жаткан жаштар болууда. Бирок ишти жүзөгө ашырууда жооптуу катары компьютерди колдонууну билбеген вице-премьер-министрди коюп коюшту. Ылдыйдан түрткөндөр жаштар, бирок башын башкарып тургандар пенсия курагындагы чоң саясатчылар болуп жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Мурат

    23.04.2019 18:45

    Санариптештирууну жеке компанияларга же чет элдик компанияларга беруу туура эмес деп эсептейм. Мамлекеттик, кызматтык жана жарандардын маалыматы чогултуучу жана иштетип чыгаруучу ири мамлекеттик кызмат тузуу зарыл. Мамлекеттик бийлик же мыйзамдын чегинде, Улуттук коопсуздук кызматы маалыматтардын сакталышына козомол жургузуусу керек. Санариптешуу тармагына мамлекеттик кызматта жана IT тармагында тажрыйбасы менеджерлер иш алып баруусу абзел. Мен ачык эле айтайын Бороновдун бул тармакта «завхоз» катары пайдаланса болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM