Өлкөдө санариптештирүү жылынын алкагында жыл аягына чейин жергиликтүү бийлик органдарынын ишин автоматташтыруу үчүн «Аймак» системасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди. Учурда аталган системаны «Түндүк» тутумуна кошуу иштери каралып жатат. Ошондой эле, дээрлик 4,8 миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер санариптештирүү боюнча адистикке даярдалууда.
Өлкөнү санариптештирүүдөгү кадамдар жыл башынан бери жүргүзүлүп келет. Анда Кыргызстандын алыскы айылдарына чейин санариптештирүү долбоорун жеткирүү маселеси каралып, бул багытта иш алып баруучу 2 ишкана ачылган. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жыл аягына чейин жергиликтүү бийлик органдарынын ишин автоматташтыруу үчүн «Аймак» системасын киргизүү пландалып жатканын билдирди.
— Жакынкы мезгилде 189 мамлекеттик кызмат электрондук форматка өткөрүлүп, калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөр 30 пайызга кыскартылат. Ошондой эле, аталган түзүм калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жардам берет. Санариптик-мобилдик төлөм кызматын камсыз кылуу үчүн коммерциялык банктар менен биргеликте иштеп жатабыз.
Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу электрондук өз ара аракеттешүү борборунун директору Нурия Кутнаева мамлекеттик ишканаларды санариптештирүү иштери алгылыктуу жүрүп жатканын айтат. Былтыркы жылы «Түндүк» тутумуна болгону 15 гана мамлекеттик ишкана кошулган болсо, бүгүнкү күндө аталган көрсөткүч эки эсеге өскөнүн кошумчалады.
— Мындан бир жыл мурун, тактап айтканда, өткөн жылдын июль айында «Түндүк» системасына болгону 15 гана мамлекеттик орган кошулган болчу. Быйыл алардын саны 60ка жетти. Алар техникалык жактан бири-бирине маалымат бере алышат. Эң башкы көрсөткүч, мамлекеттик органдар бири-бири менен маалымат бөлүшкөндүгүндө. Биздин маалыматтар боюнча, аталган органдар былтыр ушул маалда бешөө болсо, учурда 24 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумунун ар кандай маалыматтары менен бөлүшүп келет.
Санариптештирүү мода сөзгө айлангандай таасир калтырып жатат. Себеби, акыркы үч жылдан бери аябай көңүл бурулуп жатканы айтылып эле келүүдө, бирок иш жүзүндө көзгө көрүнөрлүк жыйынтыкты көрбөй жатабыз. Мындай оюн «Биздин мурас» коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбеков айтты. Ал учурда өлкөнү санариптештирүү идеясы күчтүү экенин билдирип, бирок аны ишке ашыруучу топ жетишерлик аракет кылбай жатканына токтолду. «Эгерде жасалып жаткан иштердин убактысы тездетилбесе, алыскы айылдарга долбоор жеткиче, жаңы техникалар чыгып, убара тартып калышыбыз толук мүмкүн», — дейт.
— Негизи өлкөнү санариптештирүү иштери 2000-жылдары эле башталган. Арадан 20 жыл өттү. Жыйынтыгын өзүңөр деле көрүп жатасыңар. Жылыш болуп жатат, бирок жетишээрлик эмес. Эң алгач ушул системаны жөнгө салып, ишке ашырып алсак жакшы болмок. Алыскы айылдарга барып көрсөңөр, интернет тартпайт. Андай учурда тургундар кантип маалыматтарга ээ болсун? Ошон үчүн көп иштер көз жаздымда калып кетип жатат да. Ошондой айылдарга интернет жиберип койсо, көп көйгөй чечилип калмак. Аны өкмөт түшүнбөй жатпайбы.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү анын жасай турган иштеринин сап башында экенин буга чейинки иш-чараларда айтып келген.