Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тилинин фразеологиялык онлайн сөздүгү пайда болду

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 944 | 0

Интернетте кыргыз тилинин фразеологилык сөздүгү пайда болду. Бул тууралуу «Биздин мурас» коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек билдирди.

Бул Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту менен “Эл-Сөздүк” онлайн сөздүгүнүн биргелешкен долбоору. Фразеологизмдердин онлайн сөздүгү кыргыз тил институту  2015-жылы чыгарган “Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн” негизинде түзүлгөн. Сөздүктө фразеологизмдердин чечмелениши көркөм адабияттан жана мезгилдүү басма сөздөн алынган мисалдар менен коштолот.

“Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү” өнөктөштүктүн алгачкы эле кадамы. Ч. Айтматов атындагы тил институтунун башчысы, профессор Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен жакынкы учурда Эл-Сөздүктүн базасы “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү”, “ ”Манас” эпосунун сөздүгү”, “Синонимдер сөздүгү”, “Антонимдер сөздүгү” жана башка кыргыз тил инсититу түзгөн актуалдуу сөздүктөр толукталып, кыргыз тил күйөрмандарын кубантып турмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM