Биз менен байланышыңыз

Мурат Мамбетов: Өзүбүздө сериал тартылбай, түрк сериалдарын көрүп калдык

Чыгармачыл адам  дайыма иштеп, жакшы бир нерсени жаратып турбаса  жан дүйнөсү жабыркайт экен. Бул чыгармачылык  жолдун, өйдө-ылдый жагын  көрүп келе жаткан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  артисти, актер, режиссер Мурат Мамбетов «Мен жана мезгил» программасына кызыктуу маек куруп берди.   

— Саламатсызбы?  Сиз менен  жүз көрүшүп олтурганыма абдан кубанычтамын. Деги эле актерлук менен кошо режиссерлукту бирдей алып келе жаткан  Мурат мырзанын бул ааламга аралышып калганына канча жыл болду?  Чыгармачылыктын  изи  качан башталган?

-Айткандан дагы уялып атам. Көпчүлүк ойлоп  калса керек бул ДИНОЗАВР экен деп(күлүп). Бул тармакта  эмгектенгениме  40 жылдан  ашыптыр.  1972-жылы ал кезде Фрунзе шаарында №37-мектепте окуп жүргөн кезде «Кыргыз фильм» киностудияда «Ак куулар конгон айдың көл» деген кино тартылып  атыптыр. Аталган тасмада башкы  ролду жаратып калганмын. Ошол жылдан  баштап, бул чөлкөмгө аралашып  калдым.

-Белгилүү  «Туңгуч» театрынын  тарых таржымалы  тууралуу  да  айта кетсеңиз?

— Кыргыз драм театрында 13 жыл иштедим. Ошол жерден  15тей жакшы санаалаш  адамдар  чогулуп, күнү-түнү иштеп, 3-4 спектакль койдук. Атын «Туңгуч» деп атап алдык. Кийин жетекчилерге жакпай калдыбы, айтор жиндери келип жамаат менен чогуу болгула  же бөлүнүп кеткиле деген ойлорун айтышты. Көп создуктурбай ал тараптан чыгып кеттик. 90-жылдары биринчи жолу менчик «Тунгуч» театры театрлардын эң алдыңкылардын бири болду. 2003-жылы ал театрдан биринчилерден болуп мен кеттим. Себеби, башка  телевидениеден  сериалга тартылууга сунуш  түшүп, балдардан  уруксаат сурап кеткенмин. Азыркы учурда Жамал Сейдакматованын жетекчилиги астында иштеп жатышат.


Надырбек Алымбеков: «Куранды көз айнек менен баштап, көз айнеги жок бүтүрдүм»


-Сизди шакирт тарбиялаган устат катары да билебиз?  Кийинки муундардын  актерлук чеберчилигине кандай баа бересиз?

-Бүбүсара Бейшеналиева  атындагы  Мамлекеттик искусство жана маданият университетинде  актердук чеберчилик боюнча  сабак  берем. 4 жыл мурун 10 баланы тарбиялап чыкканмын. Азыр алар күчтүү актерлер. Азыр мезгил, жашоо, адамдын ою өзгөрүлдү. Мурда актерлорго болгон талап башкача  болчу:»театрда  аябай мыкты ойнош керек, кино, телевидение жеңил нерсе» деп тарбиялачу. Ал эми азыр болсо көп кырдуу талант катары,  жөндөмү болсо баарын чогуу алып кетсе болот. Азыркы заманда жаштардын ой жүгүртүүсү төмөн. Анткени, китеп окушпайт, жөнөкөй суроо берсең жооп бере албайт. Ошол мени  өкүндүрөт. Ал эми кино тармагына баш бага турган болсок, жакшы кинону эл көрбөйт, болбогон кинолорго, күлкүлөргө жыргап, зал толуп келип атат.

-Адамдын  акылын  жашоо толуктап коет дейт. Бул заман сизге эмнелерди  үйрөттү?

-Эмне болуп атабыз? Каякка барып  атабыз? –деген суроолор түйшөлтөт. Көп ойлоном, мамлекеттик  жана  улуттук идеология бизде жок.

-Тасма жана сериалдар адам баласына көп таасир калтырат эмеспи. Азыркы мезгилде мыкты тартылган сериалдар барбы?

-Биз баштаган  сериалдардай сериалдар жок. Түрктөрдүн  сериалдарын  кыргызчага  которуп  алып, көрүп атабыз. Ушул жагы мени өкүндүрөт.


Борончу Кудайбергенов: «Аялыма баш ийдим…»


-«Келгилечи күлөлү» деген күлкү коштогон программалар чыкчу эле. Ошондой программалар азыр барбы?

-Азыр күлкү дагы өзгөрүлүп кетти. Мурда  биз күлгөн нерсеге азыркылар күлбөйт, түшүнбөйт дагы эмне жөнүндө айтылып атканы. Балким, замандын өзгөрүшү. Биздин мезгилде эл боору эзилгенче күлчү. Ал эми азыркылардын чыгарганына жылмайып дагы койбойм.

-Эл билбеген жарыкка чыга элек көмүскөдө калган таланттар бар болсо керек?

-Таланттуу адам эч качан: «мен таланттумун» деп айтпайт. Ошондуктан мен дагы талант  деген  сөздү айтуудан  тартынам.  Ал эми  жаш чагымдан бери көксөп жүргөн, мага жаккан  кесип — балык уулоо. Ошондон аябай ырахат алам. Актер Эгемберди Чалабаев экөөбүз жаш кезибизде балык уулаганы көп кетип калчубуз. 35 чакырымды жөө баскан күндөр болгон.  Азыр картайып баратат окшойбуз(күлүп).

-Канча килограммга чейин балык кармадыңыз?

-Эң көп төрт килограмм балык кармаганмын.

-Мурат мырза, чоң рахмат маегиңизге. Ден соолук каалайм, аман  болуңуз!

-Сиздерге да ишиңиздерге  ийгилик каалайм!


Ырыс Жоомартова: Жакында 8-дипломду алайын деп жатам


Copyright © 2017 Maral FM