Биз менен байланышыңыз

Борончу Кудайбергенов: «Аялыма баш ийдим…»

«Желе шоу» программабыздын кезектеги коногу ырчы, куудул Борончу Кудайбергенов студиябызга келип жаңылыктары менен бөлүшүп кызыктуу маек куруп берди. Ал азыркы учурда аялына баш ийээрин айтып жана бул нерседен арданбай тургандыгын баса белгиледи.

«Негизи ар бир эркек жаңы үйлөнгөндө аялын башкарып өзүнчө кыйын боло беришет. Бир нерсеге чечим кабыл алаарда да өзү чечип өзү  каалаганды кылат. Бирок бул нерсе убактылуу экен. Жашы өтүп элүүгө келип калганда кадимкидей аялына баш ийип калат. Алардын катарында мен дагы бармын. Мисалы азыр бир нерсе болоордо «жеңеңерден сурайын ээ» деп сөзсүз түрдө аялымдан сурап,  аялым менен кеңешем. Канчалык аракет кылбайлы, баарыбир бир күнү аялыбызга баш ийет экенбиз. Бул нерседен мен арданбайм анткени үй бүлөдө бири бирин түшүнүп жашоо эң чоң мааниге ээ.» —дейт куудул Борончу Кудайбергенов

 

Copyright © 2017 Maral FM