Биз менен байланышыңыз

Борончу Кудайбергенов: Депутаттыкка түштүктөн коймокмун  

Көңүл ачуу , Марал шоу | 15 Окт 2021 | 4492 | 0

«Марал» радиосунун «Жаңы дем» программасынын күтүүсүз берилген 3 суроосуна КР эмгек сиңирген артисти, куудул Борончу Кудайбергенов жооп берди.

— Саясаттан, шайлоодон сизди көрө алабызбы? 

— Шайлоо болсо эле бөлүнүп-жарылып, анын ичинен өз жагына гана депутаттыкка коюп жатышпайбы?! Урук-тууганына чейин изилдеп, «баланчанын баласы, баланча уруудан» деп, бири-бири менен кырыла беришет го. Мен саясатка аралаша турган болсом, ушул нерсени жоюу үчүн түштүк тараптан депутаттыкка аттанмакмын. Анткени, «бул биздин бала» дегендин ордуна «бул кыргыздын баласы» деп колдоп беришсе жакшы болот эле. Өлкөнүн экономикасын көтөрүшүбүз керек. Бөлүнүүнүн жолун ушундай ыкма менен жоёбуз деп ойлойм.

— Обончу, куудул, саясатчы… Сиздин тандооңуз?

— «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деп залкар жазуучу Чынгыз Айтматов айткандай, менин жан дүйнөмө куудулдук өнөр абдан жакын. Себеби, адамдарга жакшы сөз, жылмаюу тартуулаган да сооп экен. Ошондуктан куудулдук өнөрдү тандамакмын.

— Наамды качан, канча жашыңызда алам деп ойлодуңуз эле?

— Мурда «биздин эмгегибиз сиңип, наамга татыктуу болуп калдык» деп айтып жүргөн учурлар көп эле болду. Мен эки жыл катары менен документ тапшырып, чуркап жүрдүм. Бул наам быйыл буйруптур.

Борончу: Коомчулук тамашаны да түз кабыл албай, көп нерсеге негативдүү карап калды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM