Биз менен байланышыңыз

Борончу: Коомчулук тамашаны да түз кабыл албай, көп нерсеге негативдүү карап калды

Эсиңизде болсо, 2011-жылкы президенттик шайлоодо талапкер болом дегендердин катарында куудулдар да болгон. Алардын бири – Борончу Кудайбергенов. Биз бул жолу ошол кездеги анын «мамлекет башкарам» деген дымагы, чыгармачылыктагы кызыктуу ирмемдери, коомдо болуп жаткан окуяларга болгон көз карашы тууралуу кенен маек кылдык.

— Сизди бир топ тармактан көрүп-билип келебиз. Куудулдук, актёрдук, ырчылык, жадагалса, президенттикке талапкерлик… Калктын калың катмары тааныган Борончунун чыгармачылыгынын башталышы кандай болду эле?  

— Эң алгачкы чыгармачылык жолум мектептен башталган, ал жакта ар кандай ийримдерге катышып,  ырдап, интермедияларды аткарып жүрчүмүн. Ошол кезде бардык коомдук иш чараларга калбай катышкан саналуу окуучулар бар эле, мен дагы ошол окуучулардын катарында болчумун. 8-класста  окуучуларды атайын окуу жайга  жөнөтөт эле, ал жактан дагы ошол окуу жайдын атынан борборго атайын кароо сынакка келип байгеге ээ болгом. Аталган жайда активдүү болгондуктан, мени бардык окуучулар жана мугалимдер  таанып, сабактарыма  жакшы бааларды коюп беришчү. Ошол кезде Чаек айылында «Бекбекей» бий ансамблине катышып, ушул чөйрөгө аралашып калдым.

 — Бийлеген да өнөрүңүз бар турбайбы?

— Ооба, жаштар тобунда бийлейт элем. Жетекчибиз- жазуучу, режиссер Шакин Эсенгулов болгон. Айылга ошол учурда спектакль көргөзүү үчүн 20-30 адамдан турган артисттер келишкен. Ал учурда андай кишилер бизге өзгөчө адамдардай сезилип, абдан күтүп, элден биринчи жүгүрүп барып баары менен учурашып, дароо эле:»Чай алып келейинби?»- деп суроо узатар элем(күлүп). Андан соң концертке бекер кирем деп алар менен келишим түзүп алып, кайра үйгө чуркап барып чай кайнатып, бир колума көмөч, чыны, каймак көтөрүп алып чуркаган бойдон Маданият үйүнө алып барып берер элем. Ошентип эле келген артисттердин баарына  чай ташып жүрчүмүн. Азыр тамашалап, баардык артисттер менин колуман чай ичкен деп айтып калам(күлүп). Ал учурда азыркыдай бир-эки адам менен концерт болчу эмес, өтө чоң эмгек менен концерт коюшчу эле.

— Сиздин оюңузча куудул деген ким? Өзүңүздү да алардын катарына кошосузбу?    

— Мен өзүмдү куудул деп эсептебейм. Бирок, өзүмдүн жүрүм -турумум, кылган иш-аракетим, сүйлөгөн сөзүм менен куудул аталып кетсем керек. Жалгыз мен эле эмес, менин туугандарымда дагы чымчып сүйлөө, тапандык өнөрлөрү бар. Биз кесиптештер менен гастролдоп айылга барып калсак, туугандарым ар кандай сөздөрү менен кесиптештеримди күлдүрүп турушат, алар: «Сен дагы мынчалык күлдүрө албайсың го, туугандарың сенден  ашып түшөт экен»,-деп калышат. Бизге байкалбаганы менен Саяк уруусундагылардын көбү сөзгө өтө чечен келишет экен. Ал эми жашоодо Борончу көп сүйлөбөйт, сахнага болсо атайын даярданып чыгып, эмгек кылып, ошол жердеги абалга карап сүйлөп жүрүп анан ушул даражага жеттим деп ойлойм.

— Азыркы куудулдук өнөрдүн даражасы кандай? Акыркы кезде куудулдар чектен ашты деп сынга алгандар да чыгып жатат. Бул тармакты да азыркы тил менен айтканда, реформалоо керектир балким…

Мурдагы куудулдардын тактикалары башкача болчу, ар кандай маскаларды кийип, беттерин боеп чыкса, мына ошол нерсеге элдер күлүшчү. Ал эми азыр антип чыкса, элге «маскарапоз» сыяктуу эле көрүнөт. Азыркы  куудулдардын интеллекти жогору болуп, көп издениши керек. Себеби, бүгүн бир анекдот айтса, ал бат эле элге интернет аркылуу жайылып кетип, эртең анын кызыгы жок болуп калат. Ал эми мурда бир тамаша менен бүт айылды кыдырып, концерт койсоң деле боло берет эле. Биздин учурда тамашаны көрүп, жөн эле күлүп коюшса, азыр элдер тамашаны дагы терең изилдешип, сынга алышып, айтылган сөздү туура эмес жагынан карап, негатив катары кабыл алгандары абдан көп. Жакында эле тамаша катары бир досума «Кытайдан бир коронавирус менен ооруган адамды алып келип, парламентке киргизип коюш керек» деп айткан сөзүм өтө чоң  талкуу жаратып, адамдар аны тамаша катары эмес, үгүттөө сыяктуу карап алышты. Азыр жашоо татаалдашып жаткандыктан, адамдар күчүн бир нерседен чыгарып, урушкусу келип калганбы деп ойлоп коем.

— Ушул жерден дагы бир суроо: Сиз саясатка дагы жакын адамсыз, 2011-жылы президенттик шайлоого талапкерлигиңизди койгонуңузду билебиз. Балким, саясатка болгон көз карашыңыздан чыккандыр бул ойлор…

— Кыргыз элинин баарын эле саясатчы кылып бүттүк. Чоңдорду жаныбарларга салыштырасыңар деп сындагандар көп, бирок бул деле мурунку тамсилдин бир түрү сыяктуу, адамдын терс жактарын, иш-аракетин жаныбарлардын ролу менен билдиргендей эле нерсе. Азыр керек болсо саясат тууралуу сүйлөбөсөң концертке дагы эл келбей калган. Мисалы, мен «эртең шайлоодо ким утарын айтам» деген темадагы концерт койсом, эл көп келет, ал эми «Аял –жакшы, эр- жакшы» деген аталыштагы концерт койсок, эч ким көңүл бурбайт.

— Президенттикке талапкерлигиңизди койгонуңузга караганда, бийликке келүүгө, саясатка аралашууга кызыгууңуз күч окшойт…

— Эми саясатка кызыкпайм десем дагы саясат мага кызыгып жатпайбы(күлүп). Мен президенттике талапкерлигимди койгондо «ушул маскарапоз президент болобу» деп сындагандар көп болгон. Бирок мен Президенттикке талапкерлигимди Алмазбек Атамбаев менен дебатка чыгуу үчүн койгон болчумун. Менин дагы бир оюм − президенттике  көчөдөгүнүн баары эмес,  буга чейин бир жерде иштеген илимдүү, билимдүү адам талапкерлигин коюш керек деген талап болуш  керек эле. Ошол үчүн дагы бир аз какшыкталган мааниде атайын талапкерлигимди көрсөткөм.

— Эгер сизге мүмкүнчүлүк берилсе, кайсыл кызматка барат элеңиз?

-Эгерде кызмат орду болсо өзүмө тийиштүү маданият тармагында иштегенге аракет кылмакмын.

— Социалдык тармактарда тамашага аралаштырып, көп эле сындарды айтып каласыз. Ал эми сиздин дарегиңизге кандай сындар айтылат?

— Негизи сындар көп эле айтылат. Менин “Борончу шоу” программасында бир эже мага: «Бул берүү мага жакпайт, көпкө барбайт»,-деп жазыптыр. Анан эжеге: «Эже, анда көпкө барыш үчүн эмне кылыш керек, оюңузду айтсаңыз»,-десем, мага:»Айттым эле го алыска барбайт деп, ушинтип менден акыл сурап жүрсөң, кантип алыска барасың?»- деп жооп жазыптыр.

Дагы бир кыздын жазганы катуу таң калтырды. «Мен сизди буга чейин тойлордо тамадалык кылып жүргөнүңүздөн абдан сыйлачу элем, бирок кечеги күндөн бери сыйлабай калдым. Себеби, кечээ бир таанышыбыз каза болуп ошол жакта жүрсөк, сиз тойду башкарганыңыз аз келгенсип, ал жерди дагы башкарып жүрөсүз»,- деген экен. Мен ал жерде досумдун тууганы каза болуп, инсандык милдетимди кылып барып жардамдашып жүргөм. Жумушумдун ага тиешеси жок. Мен негизи сындарды туура кабыл алам, бирок ушуга окшогон негизсиз жазылган сындарды эч түшүнө албайм.

— Жакшы  теле долбоор ачтыңыз эле, акыркы убакта көрүнбөй калды? Эмне себеп болду?

— Себеби биз 1 жылдык келишим менен чыкканбыз. Келишим аягына чыгып, берүүнү токтоттук. Элдер «берүү алып чыкса, акчаны абдан көп табат» деп ойлошот, , бирок андай эмес. Мен ал  каналдын ичинде иштебегендиктен демөөрчү таап, ошол программада эмгектенген бардык адамдардын акчасын төлөшүм керек. Демөөрчүлөргө болсо, сыналгыдан жарнама бергенге караганда, социалдык тармактардан жарнамасын кетирүү пайдалуу болот экен. Ошондуктан демөөрчү табуу жагы кыйын болду. Каржылай албай калдым.

-Чон рахмат, бар болуңуз! Ишиңизге  ийгилик каалайм.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM