Биз менен байланышыңыз

Эрдоган менен Путин «Түрк агымы» газ куурунун ачылышын жасайт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 772 | 0

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Жана Орусия президенти Владимир Путин Стамбулда жолугушат.

Эки өлкөнүн президенти “Түркиялык агым” аттуу газ куурунун ачылыш аземине катышат. Бул газ кууру аркылуу Орусиянын Краснодар аймагынан Түркияга жаратылыш газы жеткирилет.

Мындан сырткары, эки президент Ливиядагы абалды талкуулашат. Ливия боюнча маселеде Орусия менен Түркия өлкөдө кармашып жаткан эки башка жээктин кызыкчылыгын көздөйт.

Ошондой эле, Сирия маселеси боюнча да Орусия менен Түркия эки башка пикирди карманып келишет.

«Түркиялык агым» газ кууру Түркиянын газтранспорттук системасын Орусиядагы эң бай газ кору менен байланыштырат. Бул куур аркылуу Орусия Түркия жана Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Европаны энергоресурстар менен камсыз кылат. «Түркиялык агым» газ кууру аркылуу Орусиянын аймакка жылына 31,5 миллиард кубометр жаратылыш газын жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү жетет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM